Республикалык олимпиаданын I этабы
21-ноябрь лицей окуучуларынын арасында Республикалык олимпиаданын лицей этабы өткөрүлдү. Алдын ала Республикалык олимпиаданын I этабын өткөрүү боюнча комиссия курамы түзулдү, катыша турган окуучулар аныкталып, КР нын Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын 1-декабрындагы №2059/ буйругу менен Республикалык олимпиада жөнүндө жалпы жоболор менен предметтик мугалимдер тааныштырылып, жободо көрсөтүлгөн 1.8. пунктунда тапшырманын негизги критерийлерине ылайыкталып материалдар даярдалды. Олимпиада түзүлгөн график боюнча өткөрүлдү.
I, II, III орунду ээлеген окуучулар грамоталар менен сыйланды.
Комментарии