Биз жөнүндө

Талас облусунун Манас районунун Покровка айылындагы «Улукман»

жатак-лицейи жөнүндө жалпы маалымат.

         «Улукман» жатак- лицейи 1996-жылы “Сыноо аянтчасы” болуп ачылган.
1999-жылы “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн англис
тили,математика жана информатика багытындагы “Улукман” лицейи”
статусун алган.Алгач 36 окуучу кабыл алынган жана ошол жылы 12 окуучу
бүтүргөн. 1999-жылдан 2020-жылга чейин 269 бүтүрүүчү бүтүрдү.Анын
ичинен 11 окуучу кызыл аттестатка ээ болгон, 3 окуучу Акsel
програмасынын женүүчүсү болуп, АКШда 1 жыл билим алып келишкен.
Себеби, лицей ачылгандан баштап АКШ өлкөсүнөн валантёр тартылып
мекеменин өсүп-өнүгүшүнө зор саламын кошту. Ошондуктан англис тили
боюнча окуучулар жогорку деңгээлде өздөштүрүлдү. Бүгүнкү күндө лицей
уставы өзгөртүлүп, физика-математика-информатика багытында иш
жургүзүүдө. Бүтүрүүчүлөрүбүз дээрлик бардыгы жогорку окуу жайлардан
билим алышып, чет мамлекеттерде жана мекенибизде жогорку кызматтарды
аркалашууда. Мындан тышкары акыркы 5 жыл ичинде ЖРТдан жогорку
90%-100% көрсөткүчтөрдү берип келе жатат. Ошону менен бирге
окуучуларыбыз райондук, облустук олимпиадалардан алдынкы орундардын
жеңүчүүлөрү. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим
министрлигинин 2015-жылдын 29-сентябрындагы №113/4 буйругунун
негизинде “Улукман”жатак-лицейине директор болуп Осмонбекова Венера
Бийзаковна дайындалып келгенден тартып, лицей үчүн алгылыктуу иштерди
жасады. Лицейдин чатыры алмаштырылып, пластик терезелер салынды.
Ашкана үчүн керектүү эмерек, буюмдар алынды, кыздардын жана балдардын
жатаканалары үчүн керектүү жабдыктар, эмеректер коюлду.Суу киргизилип
, балдар үчүн жуунуучу жайлар, ички туалет жасалды. Балдардын
коопсуздугу үчүн видокамералар орнотулду. Класс кабинеттерге жаны
парталар коюлду.
«Улукман»жатак- лицейинин бүтүрүүчүлөрү ар дайым колдоо көрсөтүү
менен, балдардын билим сапатын көтөрүүгө ар дайым демөөрчүлүк кылып
келет. Компьютер, ноутбук, окуу китептери , көрсөтмө куралдар менен
камсыздап турат. Андан тышкары ата-энелердин демөөрчүлүгү менен
лицейдин бардык оңдоп-түзөө иштерине, материалдык-техникалык базасын
чындоого кошкон салымдары зор. 2020-2021-окуу жылында жалпы 17
мугалим эмгектенет. Баары жогорку билимдүү ,тажрыйбалуу мугалимдер.
Өлкөбүздөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу билим берүү системасына
чон таасирин тийгизип жатат.Ага карабастан облустук, райондук билим
берүү борборлору кесипти жогорулатууда, окуучулардын билим денгээлин
көтөрүү үчүн ар кандай онлайн- вебинар, онлайн-семинарларды
уюштурушууда. Жакында эле “Улукман”жатак-лицейинде биология сабагы
боюнча облустук денгээлде онлайн-семинар өткөрүлүп, жыйынтыгында
облустун алдынкы методист мугалимдери “эн жакшы”деп баалашты. Лицей
администрациясы, мугалимдери азыркы талапка ылайык Classroom, Twitter,

Zoom, Meet жана башка программаларды өздөштүрүп иш алып барышууда.
Тилекке каршы бүгүнкү күндө башка кошуна айыл-аймактардан келип окуп
жаткан окуучулардын саны азыраак болуп жатат. Себеби, пандемиянын
кооптуулугу балдардын жолдо жүрүүсүндө ата-энелерге коркунуч
жаратууда.Бүгүнкү күндө ар бир жарандын тилеги өлкөдөгү абал онолуп,
жай турмуштун келүүсүн күтүүдө.
Балдардын билимин ар тараптуу өркүндөтүү менен аларды ар тараптан
өнүккөн, эл камын көрүп, мекен жүгүн көтөрө билген, жашоодо өз ордун
таба алган инсанды тарбиялоо биздин негизги максатыбыз.
Ар бир баланын алган билими, тарбиясы биз үчүн өтө маанилүү жана санга
эмес сапатка маани берип келебиз.Ал эми ата-энелер баланын терен билим
алуусуна кызыктар болуп, баланын жакшы окуусуна шарт түзүлгөн билим
уясына алып келишсе, өз жыйынтыгын берер эле.