Мамлекеттик тил күнү!
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык кыргыз тили мамлекеттик тили болуп саналат. 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата бир айлык жарыялоо жөнүндө буйруктун негизинде иш план иштелип чыгып, «Эне-тили болбосо, аты аталбайт улуттун» деген ураандын алдында тил күнү жалпы тизилмеде даңазаланды. Кыргыз тилин даңазалоодо окуучулар нукура кыргыз тилинде сүйлөөсүнө басым жасалып, кыргыздын жети дөөлөөтүнө карата буклеттер жасалып окуучулар чыгармачылык менен жактап беришти. 7-8-9-10-класстар арасында этно буюмдардын макеттерин жасоо боюнча ,конкурс уюштурулду. Кыргыз тили атайын бурчу дайындалды, дил баяндар, рефераттар жазылды. Акындардын кыргыз тили жөнүндөгү чыгармадан көркөм айтуу конкурсу уюштурулуп, жеңүүчүлөр тандалды.
Комментарии